«Мышык кирип, өлүктү жесе эмне болот?» Өзгөндөгү өлүккананын кейиштүү абалы боюнча башкы дарыгер үн катты

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Өзгөндөгү өлүкканада тартылган видео, сүрөт менен бөлүшүшкөн. Видеонун автору 1 бөлмөдөн турган өлүканада шарт түгүл, терезесинин айнеги жок экенин айтып, «өлүктөргө мышык тийсе эмне болот» деп суроо салган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги оорукананын башкы дарыгери менен байланышканыбызда, имарат авариялык абалда экенин айтып, ага капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө акча коротуу мүмкүн эмес экенин айтты. «Өлүккананы 2021-жылы Өзгөн аймактык ооруканасына кошушкан. Анын ичинде эч кандай шарт жок, имарат авариялык абалда. 2023-жылга каржылоо суранып жатам. Авариялык имарат болгондуктан ага оңдоо иштерин жүргүзүүгө мыйзам жол бербейт. Ага акча корото албайбыз. Буюрса, жаңы салдырууга аракет кылып жатабыз», — деди ал.