Нааразычылык акциясына чыккан «тазалыкчыларга» вице-мэр келди (видео)

Нааразычылык акциясына чыккан «тазалыкчыларга» Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев келди. Бирок кызматкерлер мэр менен жолугушууну талап кылып жатышат.

Буга чейин «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери директорго нааразычылыгын билдирип, митингге чыгышкан. Алар ишканада иштин чоо-жайын билбеген жетекчилер көп алмашарын айтып, нааразы болушту. Кийинчерээк алар айлык маяналары кечиктирилип, унаа оңдоого акча бөлүнбөй жатканын айтышты.