Накталай эмес төлөм, айлык акынын 30%га жогорулашы: мэр коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын айдоочулары менен жолугушуп, анда бир катар маселелер талкууланды.

Жолугушуунун алкагында калаа башчысы жол кыймылынын эрежелерин, ошондой эле коомдук транспорттун аялдамаларына карата белгиленген талаптарды так сактоо зарылдыгын эскертти. Ошондой эле жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна жана каттамдагы тартип маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мэр жүргүнчүлөрдү аялдама пункттарында гана түшүрүү талаптарын колдой турганын айтты. Аны менен катар эрежелерди сактоо гана эмес, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү да маанилүү экенин, ошондо коомдук транспортту колдонуу маданияты жана белгиленген нормаларга урматтоо калыптанаарын белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө айдоочулардын айлык акысын жогорулатуу жана накталай эмес төлөмгө өтүү маселелери да козголду. Учурда Бишкек шаарынын мэриясы жакын арада Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизиле турган долбоорду иштеп чыгууда. Бул долбоор коомдук транспортто жол кирени накталай эмес төлөөгө өтүүнү карайт.

Демилгенин негизги максаты транспорттук системанын иштешинин ачыктыгын жогорулатуу, ошондой эле накталай акча каражаттарынын жүгүртүлүшүнө байланыштуу коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу болуп саналат. Накталай эмес төлөмдөрдү киргизүү жүргүнчүлөрдүн агымын жана финансылык түшүүлөрдү так эсептөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, накталай эмес эсептешүүгө өтүү айдоочулардын эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган. Накталай акча менен иштөө зарылчылыгын жокко чыгаруу айдоочуларга транспорт каражатын башкарууга көңүл бурууга мүмкүндүк берет, бул жол кыймылынын коопсуздугуна жана кырсыктардын азайышына оң таасирин тийгизет.

Долбоор ошондой эле айдоочулардын айлыгын этап-этабы менен 30 пайызга жогорулатууну карайт. Бул чаралар айдоочулардын жетишсиздигин азайтууга жана коомдук транспорттун ишин турукташтырууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө. Муну менен сунушталган долбоор комплекстүү мүнөздө болуп, Бишкек шаарынын транспорт тармагын модернизациялоого, анын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана социалдык туруктуулугун жогорулатууга багытталган.