Наманган шаары Бишкекке 100 миң гүлдү белекке берди

Өзбекстандан Бишкек шаарынын тургундарына белек катары 1 жылдык 100 миң гүл борборго келди. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» ишканасынан маалымдашты.

Намангандан келген гүлдөр менен кошо Наманган шаарынан вице-мэри Абдулбомит Исмаилов, жергиликтүү турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын кызматкерлери, агрономдор, багбандар жана адистер келишти. Аларды «Балалык» сейил багында Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков жана «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын жетекчиси тосуп алды. Наманган шаарынан келген 30га жакын жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери 1 жылдык гүлдөрдү отургузуунун тажрыйбасы жана атайын технологиясы менен бөлүшүүдө.

Таң эрте эл аралык жашылдандыруу командасы жергиликтүү адистер менен биргеликте жаңы парктын гүлзарларына белекке берилген гүлдөрдү отургузушууда. Учурда паркта 100дөн ашык жашылдандыруучу иштеп жатат. Гүлзарлардын жасалгалоосу Өзбекстандан келген адистер тарабынан иштелип чыккан.

Мэр Эмилбек Абдыкадыровдун Наманган шаарындагы эл аралык Гүл фестивалына баруусунун жыйынтыгында 500 миң 1 жылдык гүлдү Бишкек шаарына белекке берүү боюнча макулдашылган эле.