Нариман Түлеев кызматтан кете турганын жарыялады

Нариман Түлеев кызматтан кете турганы белгилүү болду. Анын билдирүүсү мэриянын расмий сайтына жарыяланды.

«Азиз Суракматовдун өтүнүчү менен Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин кызматына барууга макул болгом. 22-октябрда биринчи вице-мэрлик кызматынан кетеримди жарыялайм», — деген ал.

Айта кетсек, 20-октябрда Нариман Түлеев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалган. Ал эми кечээ буга нааразы болгон тараптар шаардык мэриянын алдына митингге чыгышкан.