Нариман Түлеев: «Жогорку сот өкүмдөрдү жокко чыгарды»

Жогорку сот үч инстанциянын өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу Нариман Түлеев социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

“Урматтуу достор! Мен сиздер менен жакшы жаңылыгым менен бөлүшкүм келип турат. Мен 2012-жылдан бери акыйкаттык үчүн деп келдим. Абакта да болдум, көптөгөн жоготууларга учурадым. Атам менен апамды да жоготтум. Ушул жылы агам коронавирустан каза болду. Бирок мен дайыма, акыйкаттыкка, адилеттүүлүккө жетем деп келгем.

Жогорку Соттун чечимин кабыл алган соң, үй-бүлөсүнөн алыс болгон күнөөсүз жигиттер темирдин артында отурбасын деп, мен келтирилген зыянды төлөдүм. Бирок ошондо дагы баарына менин күнөөм жок экенин айттым. Мөөнөтүмдү өтөп бүткөндөн кийин да күрөштү токтоткон жокмун.  Акыры, тарыхый күн келди.

Жогорку Сот бир нече айдын ичинде иштин бардык жагдайларын изилдеп чыгып, үч инстанциянын — Ленин, шаардык жана Жогорку сотторунун айыптуу өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарды жана аларды жаңы кароого Ленин райондук сотуна жиберди. Атамбаевчилер тарабынан токулган иш жанды! Биз дагы бир жолу күнөөсүз экенибизди далилдейбиз”,— деп жазды Түлеев.