Нариман Түлеев кайрадан Бишкектин мэри болгусу келип жатабы? Өзүнүн жообу

Борбор калаанын мурдагы башчысы Нариман Түлеев «кайрадан Бишкек шаарына мэр болгусу келип жатат» дегендерге жооп берди. Ал соцтармактагы баракчасына бул суроо көпчүлүктү кызыктырып жатканы, бул боюнча дебатка чакырып жаткандар да болуп жатканын жазды.

«Дагы бир жолу айтам, мэрлик кызмат боюнча менин планым да, өзгөчө каалоом да жок, анткени азыр маанилүү жана жүрөгүмө жакын иштер бар. Жашоодо негизгиси саясат жана кызмат эмес, жан дүйнөнүн тынчтыгы болуш керек. Менин бир нече долбоорлорум бар, алар менен алек болуп жатам, таштап кете албайм. Мен чындыгында үй-бүлөмдөн, туугандарымдан, досторумдан, өз балдарымдан жана неберелеримден обочолонуп калыптырмын, азыр аларга көбүрөөк убакыт бөлүп жатам», — деп жазды ал.