«Наристелердин тили орусча чыгып жатат». Шакиев «тилди сактап калбасак, жоготуп алабыз» дейт

“Бүгүн биз тилди сактап калбасак, жоготуп алабыз”. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.

«Айылда наристелердин тили орусча чыгып жатат. Баары интернеттен мультфильм көрүп жатышат. Өкмөткө тапшырма, бардык мультфильмдерди кыргызчалаш керек. Болбосо, кыргыз тили жоголот. Аттарыбыз башка тилде болуп кетти», — деди ал.