«Нарматова он, атүгүл жүз депутатка тете». Дипломдон улам депутаттык мандатын жокко чыгарууну соцтармак кандай жиликтеди?

Кечээ, 20-январда БШК Орозайым Нарматованын диплом чуусуна байланыштуу депутаттык мандатын жокко чыгарды. Бул чечим өз учурунда соцтармакта түрдүү талкууну жаратты. Аны адегенде Нарматованын өзүнүн билдирүүсүнөн баштоону туура көрдүк.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын айтымында, бул окуяда ЖОЖдо билим алган адам эмес, университеттин өзү мыйзам бузган. «Мыйзамда дипломду жокко чыгаруу деген түшүнүк жок», — дейт мурдагы судья.

Юрист Таалайгүл Токтакунова депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу мыйзамда кандай каралгандыгына жана анын арасында диплом тууралуу негиз жок экендигине токтолгон.

Саясат таануучу Айбек Теңизбаев да бул багытта бир канча суроолорду коюп, аларга жооп узаткан.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова «Эгерде бул депутат бийликти мактаса, анын дипломун эч ким да эстемек эмес» дейт.

Журналисттердин коомчулугу да Орозайым Нарматованын мандатынын жокко чыгарылышын талкууга алышкан. Махинур Ниязова анын ич кийиминен өйдө ыпластыкты көтөрүүгө туура келгенин, кол шилтеп койбосу үчүн колдогусу келгенин жазат.

Саясат таануучу Алмаз Тажыбай да депутаттык мандатты кандай учурда жокко чыгарууга мүмкүн экендигин жазган.

Твиттер колдонуучусу Рахат Сабырбеков дипломдон башка маанилүү маселелерге көңүл бурган.