Нарматованын диплому боюнча УКМКнын материалдары БШКга келип түштү

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын диплому боюнча УКМКнын материалдары БШКга келип түштү. Бүгүн, 20-январда өтө турган жыйында бул иш боюнча УКМКдан тышкары Билим берүү жана илим министрлигинин да маалыматы угулат.

Буга чейин УКМКдан депутат дипломун мыйзамсыз алганы тууралуу маалымат тараткан.

Мыйзамга ылайык, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз жараны депутат болуп шайлана алат.