Бүгүн 9-августта Нарын аэропортуна техникалык текшерүү максатында атайын учак келип конду. Аэропорттун абалы, инфраструктурасы жана конуу тилкесинин даярдыгы боюнча жүргүзүлгөн текшерүү ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Иш-чарага облус башчысы Нурбек Сатаров катышып, тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте аба майданынын ишке даярдыгын көрүп чыгышты.