Нарын дарыясына агып кеткен 6 жаштагы бала дагы эле табыла элек

Бүгүн, 30-апрелде таң эрте Нарын дарыясынан баланы издөө иштери уланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ага №57 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу, шаардык ички иштер бөлүмүнөн 2, жергиликтүүлөрдөн 20 адам чыкты. Учурда 3 кайык менен изделип жатат.

23-апрель күн саат 18:50 чамасында Таш-Көмүр шаарына караштуу Акшар айылынан өткөн Нарын дарыясына 2018-жылы туулган бала түшүп кеткендиги боюнча маалымат түшкөн. Жерине ыкчам топ тартылып, издөө иштеринен натыйжа болгон эмес.