Бүгүн, 4-ноябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 5 куткаруучу, Нарын шаардык №16 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 30 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 10 адам жалпы 45 адам чыгышты. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Маалым болгондой, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.