Бүгүн, 5-ноябрда Нарын дарыясына секирип кеткен кызды издөөгө 37 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Нарын шаардык №16 ӨКБдан 12 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨК бөлүмүнөн 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 20 адам жалпы 37 адам чыкты»,- деп айтылат маалыматта.
2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө иштери жүрүп жатат.