Нарын дарыясынан 4 жаштагы кыз изделүүдө

Нарын шаарында алдын ала маалымат боюнча Интернат аймагында Г.Э. аттуу аял киши эс алып жүрүп, 4 жаштагы кызын Нарын дарыясынын жээгинен жоготуп алгандыгын айтып, кайрылган.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Нарын шаардык башкармалыгынан жана №16 ӨКБдан жалпы 30 куткаруучу 2 дрон менен тартылган. Мындан сырткары ИИМден 25 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам издөө ишине чыгышты.