8-март күнү саат 17:45 чамасында Нарын-Жаңы-Жол унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо боорунан шагыл аралаш таштар кулап, жолдо кооптуу абал жаралган. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Жерине тиешелүү комиссия барып текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында бул аймакта таш кулоо коркунучу жогору экендиги аныкталып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында жолду убактылуу жабуу чечими кабыл алынган. Алдын ала маалымат боюнча, кооптуу тилкеге темир-бетон блоктор орнотулуп, коргоо иштери болжол менен 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Унаалардын кыймылы Бишкек-Нарын-Торугарт (эски жол) унаа жолу аркылуу уюштурулат. Жарандардан жана айдоочулардан коопсуздук талаптарын сактоону жана көрсөтүлгөн альтернативдүү жолду пайдаланууну өтүнөбүз.