Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 16:37де өлкө аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди.
Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылында 3,5 балл, Арсы, Кочкор, Кара-Тоо, Кара-Суу, Большевик айылдарында жана Орто-Токой суу сактагычынын аймагында 3 баллга чейин сезилген. Ошондой эле саат 16:32де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген.