Нарын облустук милициясына 10 кызматтык унаа ташырылды (сүрөт)

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгына 10 кызматтык унаа ташырылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

9-февраль күнү Нарын облусунун аймагында өтөрүлүп жаткан “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумдун алкагында Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө НИВА үлгүсүндөгү жаңы 10 кызматтык унааны тапшырды. Алыскы райондордо иш алып барып жаткан тартип сакчылары үчүн бул кубанычтуу жаңылык болду.

Ал эми жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Нарын ОИИБдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө, Нарын ШИИБдин жана Нарын ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматтарына өткөрүп берилди.