Нарын облустук ооруканада 130 медкызматкердин орду бош

Нарын облустук бириккен ооруканада медициналык кадрлар жетишсиз. Учурда 130дан ашык орун бош турат. Бул маалымат министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө саламаттыкты сактоо мекемелери менен таанышуу учурунда айтылды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, медицина кызматкерлеринин катышуусундагы жыйында дарыгерлердин иш шарттары, компенсация төлөө, эмдөө жана медициналык мекемелерди керектүү жабдуулар менен камсыздоо тууралуу маселелер талкууланды.

Расмий маалымат боюнча, жугуштуу оорулар бөлүмү 70 орунга ылайыкталып 2021-жылы пайдаланууга берилген. Бул бөлүмдө COVID-19 вирусунан жана башка дарттардан дарылоо үчүн шарттар түзүлгөн. Ал эми оорукананын терапия бөлүмү капиталдык оңдоо иштерин талап кылат.

Медициналык кызматкерлердин маалыматына таянсак, учурда Нарын облусундагы калктын 65 пайызы, Нарын шаарындагы жашоочулардын 75 пайызы коронавирустан эмделди.