«Нарын облусун жарык менен камсыздай алат». Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда Нарын облусунун Куланак айылында Куланак ГЭСинин курулушунун башталышына “Мезгил кутусун” салып, курулушка старт берди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү окуя —  Куланак гидроэлектр станциясынын пайдубалын түптөп, курулушун баштоо Нарын облусунун гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын экономикасына, энергетика тармагына пайда алып келе турганын баса белгиледи.

“ГЭСтин кубаттуулугу  100 МВт болот деген мерчемибиз бар. Курулуш бүтүп, ГЭС ишке киргенде жылына 450 миллион квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө. Демек, бул бүтүндөй Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат деген сөз.  Адистердин айтымында, ГЭСтин курулуш жүрүп жаткан маалда жалпысы 800дөн 1000 адамга чейин жумуш орду түзүлөт. Ал эми Куланак ГЭСинин курулушу бүткөрүлүп, толук ишке берилгенден кийин 100гө жакын жумушчу туруктуу иш менен камсыз болот. 

Нарын дарыясынын боюна, Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Миң-Булак, Жерге-Тал айыл аймактарынын аймагына курулушу башталган бул долбоордун алкаганда 27 метр бийиктиктеги плотина, дарыянын  нугун буруу жана сууну агызуу үчүн гидротехникалык шлюздар, 6,5 чакырым узундуктагы деривациялык канал, электростанциянын имараты агрегаттары менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу алуучу түйүн курулат”, — деди ал.