Бүгүн, 30-мартта Нарын облусунун аймагында айт намазы мечиттерде өттү.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Нарын шаарынын борбордук мечитинде шаар тургундары менен биргеликте айт намазына катышты. Алгач айт намазынын алдында облустун казысы Эрик Молдокулов баян айтып, айт намазын окуу эрежелери, ушул күндүн мааниси тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Андан соң Айт намазы окулду. Ал эми коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан коомдук жайлар тыкыр көзөмөлгө алынды.