Нарын облусунда биринчи жолу жүрөккө операция жасалды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун хирургдары, «Бости Кейжи» медициналык компаниясы менен биргеликте 5 жашар кыздын жүрөгүнө операция жасашты. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

«Тарыхта биринчи жолу, Мобилдик Жүрөк хирургиясы долбоорунун алкагында, өнөктөштөрдүн колдоосу менен биз Нарын облусунда жүрөккө операция жасадык. Операция 2,5 саатка созулуп, ийгиликтүү болду. Кыз палатага которулуп, өзүн жакшы сезип жатат», — деди институттун директору Таалайбек Кудайбердиев.