Нарын округундагы шайлоонун добуштары кайра саналбайт

№33 Нарын шайлоо округунда добуштарды кайра саноо болбойт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Талапкерлердин бири Алмазбек Баатырбеков жазган арызын кайтарып алганы такталды. Анда урнанын маалыматтарында жана кол менен эсептөөдө дал келбестиктер бар экени айтылган. Кошумчалай кетсек, бюллетендер саналып, сандар протоколго киргизилгенде талапкерлердин өкүлдөрү болгон эместиги айтылган.