Нарын шаарында коомдук унааны өнүктүрүү максатында сатып алынган электр бустар 19-августтан баштап каттамга чыгат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.
Электр бустарды каттамга чыгаруу үчүн буга чейин тийиштүү аракеттер көрүлүп, токтотуучу жайы даярдалып, айдоочулар окутулду. Коомдук унаалар 66 миллион сомго, 7 жылга насыяга сатып алынган. 5 электробус тең 37 орундуу, 10,5 метр узундукта. Мындан сырткары, 3 кубаттоочу түзмөк алынган. Электр бустардын үчөө РТС, экөө Москва аймагына каттайт. Жол кире баасы 10 сом.