Нарын шаарындагы бала бакчаларда Жеңиш майрамы белгиленип жатат

Нарын шаарындагы №15 «Бактылуу балалык» бала бакчасында Улуу жеңиш майрамы белгиленди. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Майрамдык иш-чарада балдар жеңишти даңктаган ырларды көркөм окушуп, айрым көрүнүштөрдү чагылдырып беришти. Иш-чара көңүлдүү старт спорттук оюндары жана бөбөктөрдүн концерти менен коштолду.