Нарында 10 жылдыктар жалгыз бой энеге үй белек кылышты (видео)

Нарындык 1995-жылы туулган жигиттер мектепти аяктаганына 10 жыл болгонуна карата жалгыз бой энеге үй белек кылышты. Бул тууралуу “Спутник” жазды.

Маалыматка караганда, Мадина Курманалиевага төрт бөлмөлүү үй белек кылышкан.

Келин — эки баланын энеси, улуусунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Алар буга чейин таякесинин эски үйүндө жашап келишкен.

Саамалыкты улантуу максатында жигиттер «Ынтымак» эстафетасын Нарын шаарында 1996-жылы туулган жаштарга өткөрүп беришкен.