12-май күнү Кочкор РИИБге Кочкор районунун Төлөк айылынын тургуну кайрылып, 7-май күнү саат болжол менен 11:00 чамасында 2009-жылы туулган кызы Айжамал Эркинбекова үйүнөн Кочкор айылына чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.
Аталган арыз Кочкор РИИБи тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Дайынсыз жоголуп жаткан жаран боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, 102; 0700 24 13 25 номурларына чалсаңар болот.