Эки жылдан бери дайынсыз болуп жаткан жаран табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.
Милицияга жаран кайрылып, анын 1970-жылы туулган иниси 2021-жылдын 12-октябрь күнү Кочкордогу үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголуп жатканын айтып, арыз менен кайрылган.
12-сентябрь күнү Кемин районунда мал багып жүргөн жеринен табылып, туугандарына өткөрүп берилди.