Нарында 30 метрлик шаурма жасалды

Нарында 30 метрлик шаурма жасалды.  Аны даярдоого 25 килограмм эт, 70 лаваш жана 20 килограмм картошка фри колдонулган.

Жергиликтүү тез татым түйүндөрүнүн бири эки жылдыгын ушинтип белгилеген. Шаурма даяр болгондон кийин элге таратылды.