Нарында 300 окуучу манас айтты (сүрөт)

Нарында 300 окуучу манас айтты. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкө аймагында окуучулар арасында “Урааным Манас” кароо-сынагы өтүп жатат. Республикалык сынактын алкагында Нарын шаарында 300 окуучу манас айтышты. Иш-чарага Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Апсалиева, мектеп директорлору жана окуучулар катышышты. «Урааным Манас» аталыштагы хор манас айтуу кароо-сынагынын максаты улуттун улуу мурасы болгон «Манас» эпосун жайылтуу.