Нарында 7-класстын окуучусун көкөлөтүп жатып тосо албай калышкан. Ал ооруканада

31-январь күнү саат 19:00 чамасында Ак-Талаа РИИБдин 102-кызматына Ак-Талаа райондук ооруканасынын Тез жардам бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Анда Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 2009-жылы туулган тургуну денесинен жаракат алганы маалымдалган.

Аталган окуя боюнча Ак-Талаа РИИБдин ыкчам-тергөө тобу Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун Тез жардам бөлүмүнө барып, ушул эле күнү саат 13:00 чамасында 7-класстын окуучусу мектептен чыгып үйгө бара жатканда, 8-класстын окуучулары аны жерден көтөрүп асманга эки колдоп көкөлөтүп ыргытып кайра тосуп алганын, экинчи жолу ыргытканда жерге катуу түшкөнү маалым болгон. Андан соң ал үйүнө баргандан кийин ооруканага жеткирилген. Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү башталды.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, аталган өспүрүм арыз жазуудан жана тиешелүү экспертизадан өтүүдөн баш тартып, эч кимге эч кандай арыз дооматы жок экенин билдирген