Нарында 70 орундуу жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн имараты ишке берилди (сүрөт)

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка караганда, 70 орундуу имараттын курулуш иши 2020-жылдын август айында башталып, ага 79,2 миллион сомдун тегерегинде каражат сарпталган. Курулуш ишин “Мерибелл Текстиль Иншаат” жоопкерчилиги чектелген коомунун подряддык ишканасы жүргүзгөн.

«Имараттын 48 койкасы бокс палаталарда, 22 койкасы реанимация жана интенсивдик палаталарда жайгашкан. Мында дарыгерлер жана бейтаптар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Министрлер кабинетинин атынан жугуштуу оорулар бөлүмүнө жалпы суммасы 3,5 миллион сомдук акцент генераторлор, ИВЛ аппараттары, кислороддук концентраторлор жана мониторлор сыяктуу медициналык жабдууларды тапшырдым», — деп жазды ал.