Нарында биринчи жолу бел омурткадагы грыжаны алуу үчүн операция жасалды

2021-жылдын 14-апрелинде Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 41 жаштагы бейтаптын төртүнчү жана бешинчи бел омурткасындагы грыжага операция жасалды. Бул тууралуу травматолог Талант Калдыбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, операцияга оорукананын башка директору Чыңгыз Нарынбеков, директордун дарылоо иши боюнча орун басары Эламан Алиев, травматология бөлүмүнүн дарыгери Талант Калдыбаев катышкан.

«Бейтап 7 жылдан бери чурку илдети менен ооруганына байланыштуу оң буту чымырап, аксап келген. Бүгүн бейтаптын операциясы жасалганына 5 күн болду. Бутуна туруп басып калды. Учурда абалы жакшы. Бейтап кайрадан жашоо тартуулаган өмүр сакчыларына терең ыраазычылыгын билдирди. Ушул ооруга чалдыккан бейтаптар Бишкек шаарына барбастан, Нарын облусунда эле операция жасатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту», — деди Калдыбаев.