Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев 31-августта Он-Арча базарында болгон аялга кол салуу учурунда ыкчам чара көрүп, адам өмүрүн куткарып калган Нарын РИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү Жеңишбек Муканбетовду кабыл алып, сыйлык тапшырды.
Шаар башчысы ички иштер кызматкерине кызматтагы чечкиндүү аракети, тайбанбастыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кооптуу учурдагы кесиптик чеберчилигин белгилеп “Ардак грамота” жана 10 миң сом акча каражатынын сертификатын тапшырды.