Нарында дайынсыз болуп жаткан кыз табылды

Кочкор районунда дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыз табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

12-май күнү Кочкор РИИБге Кочкор районунун Төлөк айылынын тургуну кайрылып, кызы 7-май күнү саат болжол менен 11:00 чамасында үйүнөн Кочкор айылына чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө өспүрүм кыз Нарын облусунун Жумгал районунан табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.