Нарында электр бустарды каттамга чыгаруу боюнча аракеттер жүрүп жатат

Нарын шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү максатында насыяга сатып алынган электр бустарды каттамга чыгаруу аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

«Бүгүнкү күнү электробустардын буюртмага ылайык алынышы боюнча атайын түзүлгөн комиссия сыноолордон өткөрүү менен муниципалитетке өткөрүп алуу иштерин жүргүзүштү. Алдыда тийиштүү уруксат кагаздарын алуу аракеттери жүрүп жатат. Ошондой эле, шаарда коомдук транспорттун тартыштыгын жокко чыгаруу максатында Бишкек шаарынан троллейбустарды жана анын зым чубалгыларын, зым тиректерин алып келүү боюнча иштер алынып барылууда», — дешти.