Нарында блогер Эрулан Көкүловду колдогон акция өттү

Эрулан Көкүлов Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди.

“Эрулан Көкүлов тууралуу милицияга “Топ Ночь” деп аталган компаниядан арыз түшкөн. Анын негизинде ал 5-апрелде күбө катары суракка чакырылды, камакка алынган жок. Тергөө иштери уланууда»,- деди ал.

Чогулгандар блогерге арызданган компаниянын жетекчисинин аты-жөнүн айтууну талап кылышты.

Эрулан Көкүлов “YouTube” интернет платформасында «Не сахар» берүүсүн алып барат.