Нарында жарым жылда 132 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган

Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы боюнча Нарын облусунун жергиликтүү райондук мамлекеттик администрацияларында текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө облус аймагында 2022-жылдын 6 айына карата үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 132 факты катталып, анын ичинен 118 учур аялдарга карата 13 учур жашы жете электерге карата жасалгандыгы аныкталган. Ачыктап көрсөткөндө, 64 физикалык зомбулук учуру катталса, 68 учур психологиялык жактан зомбулук жасалган.