Нарында жаштар бир нече имамга унаа белек кылышты (сүрөт)

Нарында бир катар имамдарга унаа белек кылышты. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын имамы Жаманак Карабаевге айыл элине 30 жыл имамдык кызмат өтөгөнү бааланып, 1982-жылдан 2005-жылга чейин туулган жаштардын демилгеси менен имамга унаа белек кылынды.

Ошондой эле Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылы имамы Өмүркул Байтерековго 22 жыл имам болуп иштегендиги үчүн 1980-жылдан 1999-жылга чейинки туулган айыл жаштары унаа мингизишип, имамдын орозо майрамдык маанайын көтөрүштү.

Ал эми ушул райондун Жалгыз-Терек айылынын имамы Каныбек Кожомкуловко 8 жыл имамдык кызмат өтөгөндүгү үчүн музоолу уй жана майда жандыктарды тапшырышты.

Ошондой эле Кочкор районуна караштуу Комсомол айылынын имамы Сүйөркул Калмамбетовго 1978-жылдан 2000-жылга чейин туулган айыл тургундарынын демилгеси менен алдына унаа миңгизилип, имамдык ишине ыраазычылык билдирүү менен куттуктоолор айтылды.

Айт майрамынын урматына Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын имамы Качкынбек Чалаказак уулуна айыл тургундары имамдын 25 жылдык эмгегин баалашып, Умрага жолдомо сертификатын тапшырышты.