Нарында Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы митинг өттү (видео)

Нарында «Жетим-Тоо» кенин иштетүүгө жана Чырпыкты аймагындагы алтын казууга каршы митинг өтүүдө. Митингден видео менен Асылбек Орозобаев аттуу колдонуучу Фейсбук колдонуучу өз баракчасында бөлүштү. 

Митингге чыккандар «Gold Content» компаниясын техникалык жабдууларды иштеп чыгуу лицензиясынан ажыратууну талап кылышууда. Чогулгандарга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов чыгып, кенге өзү бара турганын билдирди. Ал кырдаалды саясатташтырбоону суранды. Митингчилердин бири митингдер улана турганын билдирди.