Нарында жол боюнда турган даараткана уурдалды (сүрөт)

Нарында жол боюнда турган даараткананы уурдап кетишкен. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Сергей Глуховеров жазып, сүрөт менен бөлүштү.

«2019-жылы Кел-Суу көлүнө бара жаткан жолдо даараткана тургузууну чечтик. Биз жакшы иш кылууну, ыңгайлуулукту камсыз кылууну ойлогонбуз… Биз даараткананы «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө» утурлай орнотконбуз. 2020-жылы туризм жок болчу. Ал эми 2021-жылы көнүл оорутарлык ишке туш болдук. Кимдир-бирөө дааратканын бөлүктөргө бөлүп, муктаждыгына жараша көтөрүп кеткен. Анан таң калып коебуз, эмне үчүн өлкө боюнча даараткана жок, эмнеге тоодо таштанды салган челектер жок деп… А алар калабы? Достор, жасалып жаткан нерсени баалаганда гана жылыш болот»,- деп жазды ал.