Нарында Сагынов Алмазбек Абдыжапарович дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.
12-ноябрь күнү Нарын шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 11-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында арыздануучунун жолдошу 1970-жылы туулган Сагынов Алмазбек Абдыжапарович Нарын шаарынын Мырзабеков көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугун билдирген. Аталган арыз 12-ноябрь күнү Нарын ШИИБге катталган.
Кийген кийимдери: Үстүндө жашыл боз түстөгү толстовка, башында көк кепка, кара спорттук шым, бутуна көк спорттук бут кийим кийген.
Белгилери: бою 175-180 сантиметр, өңү кара тору, дене түзүлүшү орто, чачы кара ак аралаш кыска, бир кыйшык тиши бар.
Сүрөттөгү жаранды көргөндр болсо, (03522) 5-09-08; 0 (707) 52 76 76 номурларына чалсаңар болот.