Нарында кар түштү

Кечээ, 26-август күнү Нарындын Торугартында кар жааганы тартылган видеолор соцтармакта тарады.


Видеодон Кытай менен болгон чек арада Бишкек үчүн сатып алынган автобустардын турганын көрүүгө болот.

Буга чейин синоптиктер 27-августта күндүз жана 28-29-август күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөрүн маалымдаган.