Нарында көмүр ташыган 17 оор жүк ташуучу жолдо калып калган. Бүгүн жол ачылды

16-ноябрда Соң-Көл жайлоосу аркылуу Кара-Кече карьерине барчу унаа жолдо кар калың болгондугуна байланыштуу 17 оор жүк ташуучу унаа жолдо калып калган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Бүгүн, 19-ноябрда жолду ачып, унааларды чыгаруу максатында жалпы 10 куткаруучу тартылган. Жол тейлөө ишканасынын жолчулары менен биргеликте Молдо-Бел ашуусунда тазалоо иштери жүргүзүү натыйжасында унаалар ашуудан толук түшүп, өз айылдарына кетишти.