Буга чейин Нарында көпүрө урап, кырсыктан улам жүк ташуучу унаа менен дарыяга түшүп кеткен айдоочу каза болгону көпчүлүккө маалым. Окуядан соң тиешелүү кызматтар жергиликтүү тургундарга 2 айдын ичинде жаңы көпүрө салып, колдонууга беришерин убадалашкан.
Бирок жергиликтүү тургундардын айтымында, куруу иштери жай жүрүп жатат. Буга бир себеп тиешелүү техниканын жоктугу. «Айылдагы эркектер барып жардам берип, техника менен каза турган жерди кол менен казып жатышат. Жергиликтүүлөр жардам бербесе, көпүрөнүн курулушу токтоп калышы мүмкүн дешкен экен. Бизге суук эрте түшөт, тийиштүү жактар бул маселени көзөмөлдөп турушса», — деп билдирди жергиликтүү тургун.
Бул боюнча Транспорт министрлиги үн катып, Нарын-Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатканын билдирди.
«Жумуштар “Бишкек-Темир” ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат. Ошондой эле, курулуш иштерине “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы да тартылган. Бүгүнкү күндө көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жыйынтыкталды. Азыркы тапта темир конструкцияларды чогултуу иштери жүрүүдө. Аталган көпүрөнүн курулушу ырааты менен уланып жатканын белгилейбиз. Жумушчулар графикке жараша иш алып барууга болгон аракетин жумшап жатышат. Жарандар убактылуу Сары-Булак – Арчалы – Оруктам жолу аркылуу каттап жатышат»,- деп айтылат маалыматта.