Нарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 2-августта саат 12:01де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.