Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 31-мартта саат 13:25те Нарын облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Карагай-Булак айылында 3,5 баллга, Бишкек шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Учурда жер жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.