Нарында медайым антисептик сайып алган келин ооруканадан чыкты

Нарында медайым адашып антисептик сайып алган келин ооруканадан чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине келиндин жолдошу билдирди.

Маалыматка караганда, келин ооруканадан бүгүн чыккан.

Буга чейин Нарын шаарында медайым кош бойлуу келинге шприцтерди алмаштырып, антисептик сайып алганы маалымдалган. Жолдошу келин төрөт үйүнө 39 жумалык кош бойлуу кезинде барганын, кесарево операциясы пландаштырылганын, 23-мартта медайым цефазолиндин ордуна хлоргексидин сайганын айткан. Келинге кесарево операциясы жасалып, дени сак кыз төрөлгөн.