Нарында милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам беришти

Ак-Талаа районунун милициясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери 2022-2023-окуу жылынын башталышына карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк, ал эми балдарына окуу куралдарын алып беришкен.

Мындан тышкары райондун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте ички, тышкы мигранттардын балдарын текшерүүгө алып, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.