Нарында соода-логистикалык борбордун салынышына каршы болгон жарандар митингге чыгышты

Ат-Башы районунун соода-логистикалык борбордун салынышына каршы болгон тургундары митингге чыгышты. Митинг учурунда тартылган видеолор социалдык тармактарга тарады. Алардын айтымында, Нарынга логистикалык борбордун кереги жок.

Президент Садыр Жапаров 18-июнда Нарын шаарынын тургундары менен жолугушкан. Жолугушууда ал жергиликтүү тургундардын макулдугу менен Ат-Башы районуна индустриалдык соода-логистикалык борбору курулушу мүмкүн экенин, курулса, 30 миң жаңы жумуш оруну түзүлөрүн айткан эле.